Жалал-Абад облусунда баңги затын мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак РИИБинин Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери К.у.К. тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду. Анын көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендиги аныкталган.
Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 14-декабрда "Афган Чарс" баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды. Мындан сырткары баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан И.И., У.Ш.М. аттуу эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.