УКМК Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин кармады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык,15-декабрда Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Кызматкерлер ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан", - деп айтылат маалыматта.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан