"Батуми" кафеси Бишкек мэриясы тарабынан башка жерге көчүрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев "КАБАР" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Орунтаев бузулган "Батуми" кафеси боюнча маселе вице-мэр кезинде эле чечилгенин айтып, азыркы учурда бул иш жабылганын билдирди.
Эске салсак, 24-майда Нурдан Орунтаев Бишкек мэринин орун басары болуп турган убакта "Батуми" кафесин мыйзамсыз курулган деген негиз менен буздурган. Бул өз кезегинде чуу жараткан маселе болуп, УКМК тарабынан ишти иликтөөлөр башталган болчу.