Чоң-Алайда мектеп окуучулары жол кырсыкка кабылып, экөө жеринде каза тапты

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жол кырсыгы катталып, эки мектеп окуучусу каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-декабрдын кечинде Сары-Таш - Карамык унаа жолунда катталган. Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Унаанын ичинде 2008-жылы туулган 10-класстын үч окуучусу болгон. Жеринде экөө мүрт кетип, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал учурда жандандыруу бөлүмүндө.

Жол инспекторлору ата-энелерди балдарына унаасын бербөөгө чакырды. Ошондой эле айдоочуларга жолдор тайгак кезде катуу айдабай, аралыкты сактап, кооптуу бурулуштарда этияттап жүрүү керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан