27-декабрда Бишкек шаарында каратэ-до WKF боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- кыз-келиндер арасында: 50, 55, 61, 68, +68 килограмм;
- эркектер арасында: 55, 60, 67, 75, 84, +84 килограмм.
"Мелдештин программасы:
Башталышы: 27-декабрь, саат 9:00;
Дареги: №29 мектеп-гимназиясы, Максим Горький көчөсү 144", - деп айтылат маалыматта.