Бүгүн, 18-декабрда "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому Жалал-Абад облустук милициясына компьютердик техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, "Кыргыз Петролеум Компанинин" жетекчиси Байгазы Матисаков Жалал-Абад ОИИБине жогорку сапаттагы 15 даана компьютер, 15 даана 3/1 принтер, 3 кондиционер, 2 түстүү принтер тапшырды. Ал мындан кийин да ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп турарын белгиледи.
"Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Байгазы Матисаковго ыраазычылык айтып, КПК жабык акционердик коомунда ийгиликтер болуусуна тилектештигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.