Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 554 абитуриент босого баллдан, тагыраагы 110дон өткөндүгүн маалымдайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку балл – 214, эң төмөнкү балл – 38, орточо – 120,3 болду.
"Жалпысынан кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 902 адам катышты. Анын ичинен тестти 436 адам – кыргыз тилинде, 466 адам – орус тилинде тапшырды",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өткөн жылы кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 1 миң 260 адам катышкан.