Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда милицияга А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам ошол эле күнү болжол менен саат 15:30 чамасында 38 миң сом турган IPhone 12 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1985-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.