Баткенде 2,6 миллион сомдук аткезчилик жүк аныкталды

Баткен облусунда 2 миллион 650 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдири.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Мурас-Арка” унаа жолунда 11-декабрдан 14-декабрга чейин төмөнкү контрабандалык жол менен келе жаткан товарлар кармалган.

- 1993-жылы туулган Арка айылынын тургуну Т.А.А. жана 1981-жылы туулган Кулунду айылынын тургуну Д.Б.А. аттуу жарандардын башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар 2 даана Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа;

- Кулунду айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.А.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок 650 коробка кондитердик азыктар ( жалпы салмагы 3 тонна 250 килограмм) менен.

Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара бекетинин аймагына токтотулду. Эксперттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, кармалган жүктүн болжолдуу суммасы 2 миллион 650 миң сомдон ашык.

Бул фактылардын негизинде УКМК иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан