Биз социалдык тармакта

"2 миллиондон ашык сомго сатылды". Унаа мекемеси колдонулган номерлерди сатуу үчүн аукцион өткөрдү

“Унаа” мамлекеттик мекемесинде колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлгөнүн бүгүн, 18-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аукцион 7- декабрда өткөрүлүп, жокко чыгарылган жана колдонулган номерлер сатыкка коюлган. Алюминий сыныктарынын жалпы салмагы 26 миң 400 килограммды түзүп, бир килограммынын баштапкы баасы 100 сомго коюлган. Аукциондун жүрүшүндө 6 сом 12 тыйынга кымбаттап, товардын акыркы баасы 1 килограмм үчүн 106 сом 12 тыйынды түзгөн.
Жыйынтыгында алюминий сыныктары 2 миллион 801 миң 568 сомго сатылды. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.
"Быйыл ушундай аукцион экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи аукционду өткөрүүдөн түшкөн каражаттын суммасы 6 миллион 970 миң 649 сомду түзүп, ошондой эле республикалык бюджетке которулган", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан