Биз социалдык тармакта

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги бекиди

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун алкагында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:

I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь,

II тур – 2024-жыл, 8-13-январь,

III тур – 2024-жыл, 15-20-январь,

IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.

"Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.

Кабыл алуу жана ЖОЖдор жөнүндө толук маалымат сайтында - https://2020.edu.gov.kg/vuz",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан