Эртең, 19-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок жолдорго муз тоңуп, тайгалак боло турганын Кыргызгидромет борбору эскертет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7 градус,
Талас аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7 даража болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…0, күндүз +5…+10 градуска чейин жылыйт.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -8…-3, күндүз -1…+4,
Нарын жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -8…-13.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.