Белбоо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Орусиянын Екатеринбург шаарында 15-17-декабрь күндөрү өтүп, биздин курама команда 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло утушкан.
62 килограммга чейинки салмакта Дооронбек Сапанов, 75 килограммга чейинки салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу жана 82 килограммга чейинки салмак ченинде Эсенбек Кудайбердиев алтын медалга ээ болушту.
Ал эми Муктарбек Мыктыбеков 90 килограммга чейинки салмакта күмүш медалга ээ болсо, 75 килограммга чейинки салмакта Дурсунбек Көлбаев 3-орунду алган.