Биз социалдык тармакта

Бишкектин Каражыгач сейил багында жаңы балдар аянтчасы пайда болду

Бишкектин Свердлов районунда Каражыгач токою паркынын аймагында жаңы балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюштурууну Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эльмир Досалиев колдоого алды.

"Парктын эң жаш коноктору үчүн оюн аянтчасы турниктерден жана селкинчектерден турат. Ошондой эле ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн отургучтар жана таштанды челектери менен жабдылган. Эски аянтча демонтаждалган",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, токойдун аймагында жарандардын ыңгайлуулугу үчүн таштанды челектерин бошотуу, тротуарларды жана жолдорду кардан тазалоо, майда жана авариялык бутактарды бутоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан