УКМК: "Аткезчиликке жардамдашкан чек арачылар кармалды"

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда "Баймак-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери мыйзамсыз жүк алып өтүү учурунда кармалган.

"Чек ара кызматкерлери бул кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн электр энергиясын өчүрүү жолу менен атайын орнотулган видеокөзөмөл камераларын дагы өчүрүшкөн.Бул көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери туруктуу контрабанда каналын уюштуруп, жигердүү иштеп жаткандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул контрабандалык ишке катышкан "Баймак-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун 8 кызматкери жана 5 жөнөкөй жаран кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

19.12.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан