Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” туристтик-экскурсиялык борбору мамлекеттин балансына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда УКМКдан билдирди.
Эске салсак, буга чейин атайын кызмат "Золотой дракон" ресторанынын ээси Борис Сандын уулу Александр Санды кармаган. Ал "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун уулу Ильшаттын шериги болгон деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, Сан менен Салимов "Магнат" турак жай комплексиндеги 300 миң долларлык батирди Көлбаевдин таасири менен тартып алышкан.