Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда милицияга М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси А.М. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде эмерек жасап берем деп 90 миң сом алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2000-жылы туулган А.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан