Баткен облусунун Кадамжай районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран, Жала-Абад облусунун Сузак районунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-декабрда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.А. аттуу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталып, кылмыштын изи сууй электе шектүүнү Сузак районунан кармап келишти", - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.