Биз социалдык тармакта

Бишкектин "Орто-Сай" базарындагы башаламан соода түйүндөрү жоюлду

Бишкектин "Орто-Сай" базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда. Бул жолу Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү "Орто-Сай" базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду.

"Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.
Мындан сырткары өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, рейддер "Орто-Сай" базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан