Бишкектин Ленин районунун билим берүү уюмдарында өспүрүмдөр арасында тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейдке Ленин райондук билим берүү борборунун башчысы, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысынын милдетин аткаруучу, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.
"Мектептин аймактарын, атап айтканда ашканаларды, дааратканаларды, фойелерди текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталган жок.
Рейддик иш-чаралар бекитилген пландын негизинде улантылат",-деп айтылат маалыматта.