Биз социалдык тармакта

SUPER.KG порталы интернетте эң көп окулган медиалардын катарына кирди  

“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында SUPER.KG медиа порталы интернет ресурстары көп окулган жана көрүлгөн медиалардын арасында 3-орунга жайгашты. Бул тууралуу аталган уюм 19-декабрда жарыялады.

Сурамжылоонун жыйынтыгында интернет ресурстары эң көп окулган жана көрүлгөн медиа деп “Азаттык" (7 пайыз) табылса, экинчи орунда Kaktus.media басылмасы 4 пайыз, SUPER.KG медиа порталы, Akipress жана 24.kg маалымат агенттиктери 3 пайыз менен үчүнчү орунга жайгашкан.

Маалыматка ылайык, сурамжылоодо Кыргызстанда элдин 18 пайызы маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттарынан, 12 пайызы кыргыз тилинде, 5 пайызы орус тилинде окушарын билдиришкен.

Маалымат үчүн: SUPER.KG порталынын Инстаграм жана Ютуб каналында 1 миллиондон ашык катталуучусу бар. Бир айдын ичинде сайтта орточо эсеп менен 4 882486дан ашык кароо болот.

Белгилей кетсек, “M-Vector” мындай иликтөөнү 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан