Биз социалдык тармакта

Өлкөдө туристтик объекттерди кургандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда

Бүгүн, 19-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги жыл жыйынтыгы жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү.

Анда министр Данияр Амангелдиев мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралып жатканын билдирди.

Айтымында, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20 пайызга чейин салым кошууга жөндөмдүү.

"Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Орусия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан