Өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктердин жана чылымдардын аталышына "Манас" эпосунун каармандары - Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын берүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 19-декабрда коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.
Мыйзам доолбоору кабыл алынса аны бузган жеке адамдарга 1000 сом, юридикалык жактарга 10 000 сом айып салуу сунушталган.
Эске салсак, "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги 2013-жылдын 4-декабрында ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген.