Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүгөн жана сактаган жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Д.К.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын сатуу жана даярдоо менен алектенип жүргөнү аныкталган.
Ага ылайык, 9-декабрда Д.К.Анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын даярдоо жана сактоо лабораториясына ылайыкташтырылган бөлмө табылган.
Тинтүү учурунда табылган заттар соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 4 килограмм 436 грамм болгон “гашиш”, “марихуана”, “кара куурайдын саманы” жана “кара куурайдын тундурмасы” баңгизаттары экени аныкталган.
Учурда шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.