Биз социалдык тармакта

Экономика министри: "Акыркы үч жылда 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү" 

Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде 60 өнөр жай ишканасы ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ишканалардын инвестициясы дээрлик 1 миллиард долларды түзүп, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Ошондой эле министр тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык препараттарды өндүрүү сыяктуу тармактарда жаңы өнөр жай объектилери ачылып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн өсүү темпи жыл жыйынтыгы боюнча 1,8 пайызды, тактап айтканда 428,2 миллиард сомду түздү. Ал эми былтыркы жылы 435 миллиард сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан