2024-жылдын 24-январында кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча туруктуу авиа каттам ачууну максат кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда "Манас" аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунан Пекин шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат.
"Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат",-деп айтылат маалыматта.