Биз социалдык тармакта

Зоопаркка өткөрүлүп берилди. Ысык-Көлдө тургун бөлтүрүк багып жүргөн

Ак-Сууда жергиликтүү тургундун үйүнөн бөлтүрүк табылып, зоопаркка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук милицияга Ак-Суу районунун тургуну үйүндө карышкыр багып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүү учурунда Челпек айылынын 29 жаштагы тургуну А.Э.нин короосунан 5 айлык карышкырдын бөлтүрүгү табылган. Табылган жырткыч Каракол шаарынын зоопаркына өткөрүлүп берилди.

Бул факты райондук милицияга катталып, жапайы жаныбардын жергиликтүү тургундун үйүндө кандайча пайда болгондугу такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан