Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылай баштайт

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 20-декабрда маалымат жыйынында Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду кийинки жылы өлкөдөгү долбоорлорду каржылай баштаарын билдирди.

Айтымында, 2023-жыл аралыгында долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүүгө багытталган каражат Кыргызстандын Улуттук банкына которулуп жатты.

"Өткөн жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду эле 60 миллион доллар каржыласа, быйыл Финансы министрлигинин кепилдик институттарынын жана ири долбоорлордун аркасында инвестициянын көлөмү 150 миллион доллардан ашты. Мындан тышкары, Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонддору активдешип, Бириккен Араб Эмираттары менен да фонд түзүлдү", - деди министр.

Ошондой эле ал өнүктүрүү фонддору аркылуу өлкөгө тартылган инвестициянын көлөмү 50 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге Азербайжан мамлекетинин президенти Ильхам Алиевдин 2022-жылы күзүндө мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келген учурда кол коюлган.

Максаты - Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда экономикалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүү болуп саналат. Баштапкы капиталы 25 миллион долларды түзөт. Каржылоо Азербайжан тараптан ишке ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан