Өлкөдө сасык тумоо жуктургандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-декабрга карата Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого кабылган 11 575 учур катталды. Бул көрсөткүч 10-декабрга салыштырмалуу ооругандардын саны 43,4 пайызга өскөн.
Бирок Санэпидкөзөмөл департаменти өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда ооругандар 4 эсе аз экенин кошумчалады.