Биз социалдык тармакта

Бейшембиге карата аба ырайы

Эртең, 21-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бирок жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9 даража,

Талас аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7 градус ,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11ге чейин жетет.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан