Биз социалдык тармакта

Бишкектин Ленин районунун акимине жаңы орун басар дайындалды

Бейшеке уулу Адилет Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын турак-жай, коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан тастыкташты.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Бейшеке уулу Адилет буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан