Акыркы үч жылда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебинен бюджет 15,5 миллиард сомго толукталды. Бул тууралуу маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап төлөп берүү түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле Финансы министрлигинин депозиттик эсептерине которулуп, эсепке алынат.
2020-жылы 2 миллиард 719,4 миллион сом, 2021-жылы 1 миллиард 915,9 миллион сом, 2022-жылы 4 миллиард 137,6 миллион сом жана 2023-жылы 6 миллиард 789,7 миллион сом түшкөн.