Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну 13 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында өспүрүм бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.
"Кечээ, 20-декабрда жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Натыйжа болгон жок", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштери бүгүн, 21-декабрда улантылууда.