Биз социалдык тармакта

Кезек Акжолдо. Сыймык Махмудов үйлөндү (видео)

Кечээ, 20-декабрда Бишкектеги тойканалардын биринде грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон Сыймык Махмудовдун үйлөнүү тою болуп өттү.

Тойго балбандын туугандары, жакындары, достору катышты.

Ноябрь айынын аягында Сыймык Махмудов сүйүктүүсүнүн колун кинотеатрдан сурап, колуна шакек салган. Аны залдагылар коштоп, кол чабышкан.

Белгилей кетсек, Сыймык Махмудов атактуу балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы. Ал ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмакта учурдагы өлкө чемпиону.

Сыймык Махмудов үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан