Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден кыргызстандыктар учурда кандай вирус менен ооруп жатканын сурады.
"Бүгүнкү күндө республика боюнча кандай оору болуп жатат? Себеби азыр ооруканаларда кезек, жаш балдарды көрүп жатабыз", - деди Алишер Козуев.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 очогу жок деп жооп берди.
"Азыркы кезде сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат. Бул COVID эмес. Учурда COVID менен 5 гана бейтап катталды", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.