Биз социалдык тармакта

"Региондордо 35 миңден 60 миңге чейин". Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер канча маяна аларын айтты

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы дарыгерлер канча сом маяна аларын айтып берди.

Жыйында депутат Русланбек Жакышов дарыгерлердин маянасын көтөрүү керектигин айтып, учурда алар канча сом аларын сурады.

"Азыр орточо эсеп менен айтсам 2023-жылы дарыгерлердики 20-23 миң сом. Орто дарыгерлердики 19 миң, кенже дарыгерлердики 13 миң. Бул орто эсеп менен. Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштегендер, региондордо иштегендер мына биз кыдырып жүрөбүз 35 миңден 60 миң сомго чейин алып жатышат. Ал эми жаңы бүткөн дарыгерлер 11 миңден 13 миң сомго чейин алып жатышат", - деди Бейшеналиев.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер канча маяна аларын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан