Биз социалдык тармакта

"13 күндөн бери дайынсыз". Ноокатта өспүрүм изделүүдө

Оштун Ноокат районунда 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 8-декабрында Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.

Кечээ, 20-декабрда жерине издөө иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө токтотулган. Натыйжа болбогонуна байланыштуу издөө иштери бүгүн, 21-декабрда да уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан