Өлкөнү кант менен камсыздоо үчүн кант кызылчасынын аянтын 17 000 гектарга жеткирүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.
Анда министр кант кызылчасын өндүрүү боюнча өлкөдө 2 ишкана иштеп жатканын белгилеп, өлкөнү толук камсыздоо үчүн кан кызылчасынын аянтын 17 000 гектарга жеткирүү керек деди.
"Кант кызылчасы былтыр 9 300 гектарга эгилсе, быйыл 13 000 гектар аянтка айдалган", - дейт министр.
Ошондой эле ал аталган иштер боюнча пландар бар экенин айтып, Талас облусундагы дыйкандар кызылча аянтын көбөйтүүгө кызыкдар болуп турганын белгиледи.