Кыргыз спортчулары таэквондо боюнча эл аралык турнирде 20 медалга ээ болду

Кыргыз спортчулары таэквондо боюнча Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Dream Cup Open 2023" эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту.

Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, олимпиадалык мелдеш 15-17-декабрь күндөрү өткөн. Ага Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышкан. Жыйынтыгында 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.

Маалыматта турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан