Ысык-Көлдө 20 жаштагы жигит өз сарайында асынган абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-декабрда саат 21:10 чамасында милицияга Кара-Ой айылынын жашоочусу үйүндө асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 20 жаштагы Р.Б нын жансыз денесине күбө болушкан.
Ата-энесинин айтымында, саат 20:30дар чамасында баласын сарайда асынган абалда табышып, арканды кесип, жансыз денени үйгө алып киришкен.
Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.
Учурда тергөө иштери уланууда.