Биз социалдык тармакта

"Ак-Ордо конушунан Рухий-Мураска чейин". Бишкекте № 6 автобустун маршруттук каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, эми №6 автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.

Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.

Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан