Ысык-Көл облусунун эки тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга белгисиз адамдар баңгизат жасап сатууга даярданып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты иликтөө ишинин алкагында 1980-жылы туулган К.Д. жана 1959-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандар кармалып, жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада К.Д.нын сарайынан 112 грамм гашиш баңгизаты табылган. Ал эми Б.Д.нын үйүнөн жалпы салмагы 22 килограмм 764 грамм болгон марихуана жана марихуананы кайра иштетүүчү машина, мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал 21 даана 5,45 миллиметр октору менен табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.