"Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 209-225-чакырым аралыгында бороон болуп жатат.
Учурда №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө.