2021-жылы Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин парадда көтөрүп чыккан спортчу Каныкей Кубанычбекова балбан Жоламан Шаршенбековду колдоого алды.
"Спортчу катары мен Жоламан Шаршенбековду колдойм. Күнү-түнү бул желек менен жашап, ушул желек менен ар бир жолубузду пландап келгенбиз. Мен жаңы желекти тааныгым келбей жатат", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Кечээ, 21-декабрда Дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков мелдештерге эски желек менен эле чыга берерин айтканын Kaktus.media басылмасы жазып чыккан. Андан кийин ага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев реакция жасаган.