
Бүгүн, 22-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 753 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 636 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.