Өлкө аймагында акыркы сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталганын ӨКМ билдирет. Маалыматта өрттү өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылганы айтылат.
"Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1 тилсиз жоо катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болгон.