Кеминде 59 жаштагы жаран сарайдан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголду

Чүйдөгү Кемин районунда 59 жаштагы жаран мындан 15 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, Кемин РИИБге туугандары кайрылышкан. Анда алар 1964-жылы туулган Атамкулов Салайдин Сатыбалдиевич аттуу жаран 7-декабрь күнү саат 07:30 чамасында Жылтыр айылындагы сарайдан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдиришкен.

Белгилери: бою 175-180 сантиметр, арык чырай, чачы жана кашын ак баскан, бети сүйрү, көзү күрөң, мурду кырдач.

Кийген кийими: кара топу, кара тон, кара спорттук шым, бутунда кара көлөч.

Урматтуу жарандар! Салайдин Сатыбалдиевич Атамкуловдун жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо Кемин РИИБине 0 (3135) 5-02-80; 0 (312) 61-68-41 (нөөмөт бөлүмү); 0 701 88-62-95, 0550 46-06-56 телефон номурлары аркылуу кабарласаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан