Биз социалдык тармакта

Прагадагы ок атуу: Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чехиядагы ок атууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

"Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулунун алдын ала маалыматы боюнча, "Ян Палах" аянтындагы университетте болгон атышуудан каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, бир күн мурун Праганын борборундагы Карлов университетинде болгон атышуудан 14 адам курман болуп, 25и ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан