Жалал-Абадда жарандарды себепсиз ур-токмокко алганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ага ылайык, 29-октябрда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 41 жаштагы А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 27-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын кафелеринин биринде күзөтчү кызматында иштеген, бейтааныш болгон жарандар себепсиз урушуп, денесине жаракат келтиришкендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 20-декабрь күнү кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 23 жаштагы тургуну Н.К. жана Сузак районунун 24 жаштагы тургуну Д.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.