"Жаңысын тааныбайм". Кикбоксчу Дастан Шаршеев тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди
Кикбоксчу Дастан Али Шаршеев тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди. Бул боюнча билдирүүнү спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкты.
"Эң биринчи мен 19 жашымда артымдагы желекти көтөрүптүрмүн. Азыркы күнгө чейин спортчулар даңктап келе жатабыз. Келечектеги беттештериме дагы ушул кооз желегимди көтөрүп чыгам. Жаңысын мен тааныбайм. Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет. Желек бул - тарых. Муну өзгөртүүнүн кажети жок", - деди ал.
Белгилей кетсек, 21-декабрда балбан Жоламан Шаршенбеков мелдештерге эски желек менен эле чыга берерин айтканын айрым басылмалар жазып чыккан.
Дастан Шаршеев тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди